Жалал-Абадда 19 жаштагы жигит 3,8 килограмм баңгизат менен кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 19 жаштагы жигит 3 килограмм 860 грамм нашаа менен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абал облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык милиция бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине, баңгизат тараткан адам тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жаран баңгизат менен колго түшүрүлгөн.

“4-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө Базар-Коргон районунун 21 жаштагы М.Д. аттуу тургуну кармалды. Анын куржунун текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар зат табылган. Таап алынган нашаа баңгизатынын жалпы салмагы 3 кг 860 грамм болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда ал факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, ал баңгизат абак жайларына жеткирилмек.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.