"Жалал-Абад Тазалык" мекемесинин кызматкерлерине тамак уюштурулду

Аймак

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/ Бүгүн, 16-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Жумабек Мамыров “Жалал-Абад Тазалык ” мекемесинин кызматкерлеринен кабар алып, түшкү тамак уюштурду.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эл өкүлү шаардын тазалыгына кам көргөн кызматкерлер күндүн сууктугуна карабай өз жумуштарын убагында аткарып жатышкандыгына ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук каалады.