Жалал-Абад: шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышып жатышат

Шайлоо 2017

Бишкек, 15.10.17/ Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы ар бир шайлоо участоктору саат 8:00дө ачылып өз иштерин баштады жана шаардык шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу жогорку деңгээлде болууда. Шайлоочулардын катарында Жалал-Абад шаарынын милдетин аткаруучу Салайдин Авазов да таң эрте келип, шаардагы №2106 шайлоо участкасында шайлоого катышып, Кыргызстандын келечектеги президентине өз добушун берди жана элди активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

2Бүгүн - өлкөбүз үчүн өзгөчө күн. Мен бардык Кыргызстандын жарандарына шайлоого активдүү катышып берүүсүн жана өлкөбүздүн келечеги үчүн өз салымдарын кошуусун суранат элем. Ал эми Жалал-Абад шаарынын шайлоо участкалары үчүн бүгүнкү күндө шаардык мэрия тарабынан бардык тиешелүү шарттар каралган. Учурда шаар ичинде шайлоо тынч өтүп жатат. Түшкө чейин эч кандай даатануулар болгон жок. Буюрса, Жалал-Абад шаары ынтымакта эч кандай пикир келишпестик болбой шайлоону таза жана ачык өткөрүп алабыз деп ишенем", - дейт С. Авазов.

№2106 шайлоо участканын төрайымы Астрагүл Убрагимованын айтымында, бюллетендер, урналар идентификациядан өткөрүүчү аппараттар баары камсыздалып, шайлоо кимиссиясынын мүчөлөрү жакшы иштеп жатышат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпысынан 25 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны 53 миң 423 киши. Ал эми саат 14.00гө чейин шаар
аймагында шайлоочулардын 19 миң 683ү же 36,9 пайызы добуш беришти.