Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнө быйыл 140 миң даана гүл отургузулат

Коом

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад шаарында 6 түр, 140 миң даана гүл отургузулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда гүлдөрдүн көчөттөрү күнөсканада өстүрүлүүдө.

Март айынан баштап көчөлөргө, борбордук аянттарга отургузулуп баштайт.