Жалал-Абад шаарынын Андреева көчөсүнө асфальт төшөлдү

Аймак

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Вера Андреева көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөнүн узундугу 330 метр, туурасы 5,5 метрди түзөт. Асфальттоо ишин мэриянын жол башкармалыгы жүргүзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.