Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Ибраимов көчөсүн реконструкциялоо иши башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөнүн узундугу 1151 метрди, кеңдиги 14 метрди түзөт.
Учурда жолдун эски асфальтын сыйруу жумушу жүрүп жатат. Алдыда жаңыдан асфальт төшөлүп, темир-бетон арык куурларын жаткыруу жумуштары жасалат.
Белгилей кетсек, курулуш республикалык бюджеттен каржыланууда.
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий