Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган жайдын айнек-терезелери жана эшиктери пластикке алмаштырылып, жылытуу системасы жаңыланды. Ошондой эле имараттын ички бөлүгү толугу актап-сырдон өткөрүлдү. Ал эми имараттын алдына отургучтар орнотулуп, бейтаптарга жана дарыгерлерге ыңгайлуу шарт түзүлдү.
№2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн дээрлик 2 млн сом акча каражаты жумшалды. Анын 70%ы дем берүүчү грант болсо, калган 30%ы жергиликтүү бюджеттен жумшалды.
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий