Жалал-Абад шаарында жол оңдоо иштери уланууда

Аймак

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жол оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Осмонов жана Кыргыз Республикасы көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгү кеңейтилүүдө, ал эми Курманбек кичирайонундагы Ысманов көчөсүнө лоток жаткырылууда.