Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Мариям” ишканасынын жетекчиси Дастан Эргешев шаардагы аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө 10 килограммдан ун жана 3 литрден өсүмдүк майын таратты.
Жардам алгандардын арасында Жалал-Абад шаардык мэриясынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын жумушчулары да бар.