Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Кечээ, 17-декабрда Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" борбордук аянтында жаңы жылдык балаты жандырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, салтанатка шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Белгилей кетсек, балатынын узундугу 27 метрди түзөт.