Жалал-Абад шаарында заманбап кичи стадион пайдаланууга берилди

Аймак

Ош, 30.08.19 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында заманбап кичи стадион пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Стадион 200 орунга эсептелип, баардык талаптарга жооп берет.

Жаңы спорт стадионун ачылыш аземине шаар мэри, шаардык кеңештин төрагасы жана жергиликтүү тургундар катышты.