Жалал-Абад шаарында пиротехникалык каражаттарды саткандарга рейд жүрдү

Аймак

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында атайын түзүлгөн комиссия тарабынан пиротехникалык каражаттар боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге шаардык ички иштер бөлүмү, өрт коопсуздук кызматы, ошондой эле шаардык керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин адистери чыкты.

Рейд учурунда шаар аймагында пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынганы эскертилип, үч сатуучунун пиротехникалык каражаттары сатуудан алып салынды.

Алдыда мындай рейд улантылып турат.