Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарында Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы белгиленди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, “Жеңиш” эс алуу багында өткөн иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, афган согушунун ардагерлери жана каза болгондордун жакындары катышты.
Эскерүү иш-чарасында каза болгон аскерлерге арналган эстеликке гүл коюлуп, курман болгондорго куран окулду.
Эскерте кетсек, Афган согушуна 620 миң советтик аскер катышкан болсо, алардын ичинен 105 жоокер Жалал-Абад шаарынан барган. Алардын арасынан 17 жоокер курман болгон. Учурда калаада 70тен ашык ооган согушунун катышуучусу бар. Аларга мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келет.