Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Сыргабаева, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана мугалимдер катышты.
Калаа башчысы мугалимдерди майрамы менен куттуктап, Жалал-Абад шаарында билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады. Ошондой эле үзүрлүү эмгектенип, шаарыбыздын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп жаткан агартуучуларга сыйлыктарды тапшырды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттен мугалимдер күнүнө карата ар бир мугалимге 2000 миң сомдон акча каражаты бөлүнүп келет. Мындан сырткары, ай сайын коммуналдык төлөмдөрдү төлөөгө ар бир мугалимге 500 сомдон берилет.