Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда

Аймак

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сата турган жай уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абаддын Курманбек көчөсү №6 дарегинде 40 тоннага жакын көмүр түшүрүлүп, жарандарга сатылууда.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков суроо-талапка жараша көмүр үзгүлтүксүз негизде ташылып турарын белгиледи.

Белгилей кетсек, иштер президент Садыр Жапаровдун кышка карата даярдык көрүү жана элди арзан баадагы көмүр менен камсыздоо боюнча тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.