Жалал-Абадда имараты жок мекемелерге берилип кеткен бала бакчалар кайтарылууда

Аймак

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясы имараты жок мамлекеттик мекемелер пайдаланып келген бала бакчаларды муниципалдык менчикке кайтарып, кайрадан өз багытында иштетүү аракетин баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы пайдаланып келген бала бакчанын имаратын муниципалдык менчикке өткөрүп алууга шаардык кеңештин депутаттары макулдук берди.

Алдыда аталган имарат жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайрадан жеткинчектер үчүн эшигин ачат.

Учурда бала бакчанын имаратында иш алып барып жаткан шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана облустук юстиция башкармалыгынын имараттарын да кайтаруу боюнча иш жүрүүдө.