Жалал-Абад шаарында 10 электробус каттамга чыкты

Аймак

Бишкек, 01.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 10 электробус каттамга чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, алар учурда шаардагы №10 каттамда жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат.

Электробустар күйүүчү майлар менен жүргөн автобустарга караганда каражатты 60%га чейин үнөмдөйт. Тагырагы, бир электробус 450 сом менен толук кубатталат. Ал үчүн 6 автобусту бир учурда кубаттоочу 3 жабдык орнотулган.

Белгилей кетсек, шаарга жалпы суммасы 118,5 млн сомго 10 даана электробус кубаттагычтары менен сатып алынган. Каражаттын 100 млн сому республикалык бюджеттен, ал эми калган каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.