Ош, 14.02.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад шаарында бала төрөлгөнү үчүн 14 үй-бүлө “Сүйүнчү” алышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, январь айында 14 үй-бүлө бир жолу бериле турган сүйүнчү алууга билдирме ташташкан. Бардык үй-бүлө үчүн 4 миң сомдон акча бөлүнгөн. Жалпы 14 үй-бүлөнүн эсебине 56 миң сом которулган.
Эскерте кетсек, сүйүнчү КР жарандарына 15-февралдан тарта бериле баштайт, мыйзам үстүбүздөгү жылдын 1-январында күчүнө кирген.
Кыргызстандыктар бала төрөлгөнү үчүн 4 миң сом ала алышат.
Сүйүнчү алуу үчүн керектүү документтер: ата-энесинин паспорттору (эгерде алар ажырашкан болушса, баланы бакканынын паспорту талап кылынат), баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана жашаган жеринен маалымкат. Эгерде бала асырап алынган болсо, багуу тууралуу соттун чечими керек.