• 87.45
  • 103.23
  • 1.12

Жалал-Абад шаарына жылуулук берилди

Аймак 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Кечээ, 27-октябрдан тарта Жалал-Абад шаарына жылуулук бериле баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, шаардагы көп кабаттуу үйлөргө, социалдык мекемелерге толугу менен жылуулук берилүүдө.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы 217 көп кабаттуу үйдүн 82си борборлоштурулган жылытуу системасына туташтырылган.

Пикир

Оставить комментарий