Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарын иретке келтирүү, көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндөгү мыйзамсыз курулган жана орнотулган соода жайлары, контейнерлер шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен көрктөндүрүү максатында алып салынды.
Учурда ал жерге арча көчөттөрү тигилип, газон себилди.