Жалал-Абад шаардык "Тазалык" ишканасына жаңы техникалар алынып берилди

Аймак

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык "Тазалык" муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу үч атайын заманбап техникалар алынып берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы техникаларды сатып алууга жалпы 18 млн 150 миң сом акча каражаты жумшалган. Анын 12 млн 150 миң сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан, калган сумма жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Бүгүн алардын абалы менен облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, калаа мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаевдер барып таанышты.