• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Жалал-Абад шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүү болду

Аймак 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүү болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаарынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын жетекчиси болуп Нурбек Айсариев дайындалды.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду.

Нурбек Айсариев буга чейин мэриянын алдындагы "Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү" кайрымдуулук борборунун жетекчиси болуп иштеп келген. Ошондой эле ал Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгында, "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинде эмгектенген.

Белгилей кетсек, Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасын 2021-жылдын 3-майынан тарта жетектеп келген Наби Юлдашев кызматтан кетүү тууралуу жазган өз арызы менен жумуштан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий