Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында Искендер Мейманкуловго депутаттык мандат тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ал шаардык кеңештин депутаты Баястан Караевдин ордуна келди.
Белгилей кетсек, Баястан Караев туруктуу комиссиялардын отурумдарына, шаардык кеңештин сессияларына катышпагандыктан мандатынан ажыратылган.