Жалал-Абад: Шайлоо участокторунда өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда шайлоо участокторундагы өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-сентябрь күнү ӨКМдин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын кызматкерлери жана Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ала-Бука, Таш-Көмүр, Аксы райондорундагы шайлоо участкаларында жана шайлоо өткөрүлүүчү мекемелерге өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан “Өрт коопсуздук эрежелери боюнча” маалымат баракчалары таркатылууда.