Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тараптар эки өлкөнүн достук мамилелерин бекемдөө, соода-экономикалык, социалдык, туризм тармагындагы Жалал-Абад облусунун орду, кызматташуунун алдыдагы натыйжалуу багыттары тууралуу пикир алмашты.
Ыйгарым укуктуу өкүл акыркы жылдары Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосунда ар тараптуу кызматташуу аракеттери жанданганын белгиледи. Ошол эле учурда түзүлгөн Жол картасына ылайык, коңшу өлкөнүн Наманган облусу менен ири долбоорлор башталганын кошумчалады.