Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Сузактагы улгайган жана майыптыгы бар жарандардын жалпы типтеги социалдык-стационардык мекемесиндеги улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан кабар алды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы аталган мекемеде жашаган улгайган адамдарды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Мамлекет тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүү, керектүү муктаджыктарын камсыздоо, социалдык-медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу аракеттери улантылаарын айтып, ден соолук жана узак өмүр каалады.
Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Октябрь айылында жайгашкан улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык-стационардык мекемесинде 100 адам жашап келет.
Жаңы жыл майрамына карата ыйгарым укуктуу өкүлдүн резевдик фондунан 180 миң сом акча каражаты ажыратылып, ага мекемеге керектүү болгон эмеректер сатып алынган.
Пикир
Оставить комментарий