Жалал-Абад облусунун башчысы Кытай элчиси Ду Дэвень менен жолукту

Аймак

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, тараптар Кыргызстан менен Кытай дын ортосундагы соода-экономикалык, өндүрүш жана кайра иштетүү жаатындагы динамикалуу өсүүлөр орун алып жатканын белгилешти. Анын алкагында Жалал-Абад облусунун стратегиялык мааниси, иш алып баруу багыттары тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө облус аймагындагы кытайлык инвесторлордун коопсуздук маселелери талкууланып, эки тараптуу пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери улантылаары кошумчаланды.