Жалал-Абад облусунда туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда

Аймак

Бишкек, 19.07.23./Кабар/. Жалал-Абад облусунда туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчулүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев 18-июлда облустун туризм тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту.

Ага туруктуу туризм боюнча эл аралык эксперт Мейв Обрайн, “Дестинация Жалал-Абад” уюмунун жетекчиси Мекен Маматкулов жана GIZ эл аралык уюмунун "Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү" программасынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда облустун туризм багытындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, 2024-2026-жылдарга карата түзүлүп жаткан программаны талкулоо, кабыл алуу багытында сөз болду. Ошол эле учурда район-шаардык туризмди өнүктүрүү боюнча координациялык кеңешмелердин ролу, облустун туристтик потенциалын эл аралык дэңгээлде таанытуу, туризм багытында иштеген ишкерлердин дараметин жогорулатуу маселелери айтылды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Жалал-Абад облусунун туризм жаатында чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеп, аны ар тараптуу өнүгүүсүнө мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлөөрүн айтты.

Жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары облустун картасына түшүрүлгөн 20 туристтик маршруттар менен таанышты.