• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Жалал-Абад облусунда эпидкырдаалга байланыштуу айрым чектөөлөр күчүндө калды

Аймак 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу айрым чектөөлөр күчүндө калды. Мындай чеми облустук штабдын жыйынында кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, райондор арасында токтотулган маршруттук каттамдар азырынча жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берилбейт.

Жыйындын алкагында облус башчысы Нурболот Мирзахмедов ар бир район-шаарда санитардык тартип кандай шартта сакталып жаткандыгын сурады. Абалды туруктуу кармоо үчүн аймактардагы жооптуу жетекчилерге иш милдеттерин так аткарууга чакырды.

"Аны менен бирге кайрылган бейтаптардын көрсөткүчүн кыскартуу үчүн үймө-үй кыдырууларды улантуу керектигин белгиледи. Күн сайын бейтаптардын абалына жүргүзүлүүчү сандык көрсөткүчтөргө медицина кызматкерлерин кылдат тактоо жүргүзүү алдыда белгиленген кемчиликтерди байкалбаса, тийиштүү жетекчилерге чара көрөөрүн айтты", - деп айтылат маалыматта.

Өкүл учурда облустун Токтогул, Аксы, Ала-Бука жана Сузак райондорунда илдетти алдын алуу алкагындагы аракеттер солгун экенин сынга алган.

Пикир

Оставить комментарий