Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясы коммуналдык мекемелер үчүн 32 даана атайын техника сатып алат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай келишимге Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков менен "Мамлекеттик лизинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасы Амантур Өмүров кол койду.
Ага ылайык, атайын техникалар "Мамлекеттик лизинг компаниясы" ААК аркылуу лизингге алынат.
Пикир
Оставить комментарий