Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад мэри Эрнисбек Ормоков шаарда жүрүп жаткан курулуштардан кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мэр Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда курулуп жаткан "Нооруз" сейил багындагы курулуш иштеринен кабар алды.
Ошондой эле "Курулуш маркет" муниципалдык базарынын чатырын жабуу жумушу менен да жеринен таанышып чыкты.