Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардын Достук, Спутник аймактык башкармалыктарын кыдырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Калаа мэри 2023-жылы курулуш жүргүзүлүүчү объектилер жана тазалык, көрктөндүрүү маселери боюнча жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.
Алдыда мындай кыдыруу Спутник аймактык башкармалыгынын калган бөлүгүндө жана Ч.Айтматов, Т.Тайгараев аймактык башкармалыктарында да улантылат.