• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Жалал-Абад электр энергиясын сатуу ишканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында электр энергиясын сатуу ишканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, ачылуу аземге Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, энергетика министри Таалайбек Ибраев, жергиликтүү жетекчилер, аталган ишкананын эмгек жамааты катышты.

Шаар мэри энергетиктер аба ырайын катаал шарттарына карабай күнү-түнү элдин кызматында экендигин баса белгилеп, жаңы имараттын ачылышы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад электр энергиясын сатуу ишканасында 61 кызматкер эмгектенип, 38 миңден ашуун абонент бар.

Пикир

Оставить комментарий