Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. ЖАКтын башчысын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри гана кызматка дайындап жана бошото алат. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМКлар менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.
ЖАКты Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага башкарат. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүүдө.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.