Жайыл районунда алдамчылыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жайыл РИИБисине 1985-жылы туулган Д.А., аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 2021-жылдын июунда У.А., аттуу жаран андан 110 миң сом акча карызга алып, ушул күнгө чейин кайтарбай жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1975-жылы туулган У.А., аттуу жаран кармалып, Жайыл РИИБдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Териштирүү учурунда шектүү жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тураары аныкталган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.