• 87.4
  • 95.11
  • 1.02

Жүргүнчүлөрдү ташыган «Бишкек-Кара-Балта» поезди бир күнгө токтотулат

Коом 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Жүргүнчүлөрдү ташыган «Бишкек-Кара-Балта» поезди бир күнгө токтотулат, - деп кабарлайт "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 27-июнунда ремонт иштерине байланыштуу жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек-Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулат.

28-июндан тарта аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча каттай баштайт.

Пикир

Оставить комментарий