Өзгөндө жол кырсыгынан бир адам каза болду

Коом

Бишкек. 01.04.19 /Кабар/. Өзгөн районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөн РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлады.

Кырсык 30-мартта күнү саат 20:00 чамасында Жылалды айылында болгон.

"Дэу- Матиз" айдоочусу жөө жүргүнчү 46 жаштагы С.А. сүзүп алган. Жүргүнчү алган жаратынан улам кырсык болгон жерде каза болду.

Учурда бул унаа кырсыгы боюнча милиция тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.