Өзгөндүн Кыймыл айылындагы бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат

Аймак

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Кыймыл айылында 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жалпысынан бала бакчанын имаратынын курулуш даярдыгы 85 пайызды түзөт. Учурда айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бала бакча эки кабаттуу, жалпы аянты 870 чарчы метрди түзөт.