• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Өзгөндөгү Жазы дарыясына унаа түшүп кетип, эки киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Ошто жол кырсыгынан эки адам каза болду, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылында Toyota Ist үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, Жазы дарыясына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 56 жаштагы эки эркек киши каза болгон.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургандар тарабынан маркумдардын сөөгүн унаа чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Куткаруучулар унааны суудан чыгарып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий