Өзгөн районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

Аймак

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Өзгөн – Мырза-Аке унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 4-апрель күнү кечки саат 17:55 чамасында болгон.

51 жаштагы айдоочусу Daewoo Nexia унаасын башкара албай жол четиндеги вагонду сүзүп, кырсык болгон жерде каза болду.

Машинаны ичинде 42 жаштагы жүргүнчү жарат алып, ооруканага жеткирилген.