Өзгөн районунда сел суулары 18 турак үйгө кооптуулук жаратты

Кырсык

Бишкек, 28.05.22. /Кабар/. Өзгөн районунда сел суулары 18 турак үйгө кооптуулук жаратты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-майда саат 19:30 чамасында Салам-Алик айыл өкмөтүндө катуу жаан жаап, кокту-колоттордон келген сел суулары Кош-Этер айылынын ички чарбалык жолдорун каптап, 1 турак үйгө сел кирип, 1,3 м бийиктикке кум толгон жана 18 турак үйлөргө кооптулук жаралган. Бул турак үйлөрдүн тургундары туугандарына көчүрүлгөн.

Ошондой эле Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Чечебай айылында ички чарбалык жолдун 150 м аралыгын жана 20 турак үйдүн короосун каптаган.

Бүгүн жерине кошумча тактоо иштерин жүргүзүүгө Өзгөн райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана Өзгөн РМАнын башчысы акимдин орун басары тартылган. Кошумча маалымат берилет.