Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаардар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Баткенде сел жүргөн аймакка барды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Белгилей кетсек, күн мурун кечке жуук нөшөрлүү жаандан улам Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында сел жүрүп, ошол замат ӨКМден тартылган куткаруучулар жана техникалык каражаттардын жардамы менен 137 жаран коопсуз жайга эвакуацияланган.
Министрдин орун басары бүгүн таң эрте саат 06:00дө башталган калыбына келтирүү жана сел кесепеттерин жоюу чаралары менен жеринде таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Эскерте кетсек, мында селден улам 137 адам коопсуз аймакка эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал режими киргизилген.