Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кызматынан бошотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.