Баткенде Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жер семирткич кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Баткенде Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жер семирткич кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажычылар Баткен районунун Чек айылында К.А.Д. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан минералдык жер семирткич табылган. Ошондой эле жүккө таандык эч кандай документтер болгон эмес. Товардын жалпы салмагы 3 миң 250 килограммды, орточо баасы 123 миң 500 сомду түзөт.

Факт боюнча чогултулган материалдар Бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.