Бишкек, 05.02.18. /Кабар/. 3-февралда Өзбекстан ИИМнин Жазаларды аткаруу башкармалыгынын 64/51 колониясынан "Эзгулик" укук коргоо коомунун активисти, көз карандысыз журналист Дильмурод Саидов (Саид) эркиндикке чыкты. Бул тууралуу анын туугандарына шилтеме берүү менен ташкенттик журналист Абдурахман Ташанов билдирди.
Маалыматка караганда, журналист түрмөдөн Каршы райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
56 жаштагы Дилмурод Саидов 2009-жылдын 22-февралында кармалган. Аны менен кошо дагы үч кишиге "алдамчылык кылган жана документтерди жасаган" деген айып тагылган. Көп өтпөй Тайлак райондук соту Саидовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. 2010-жылдын 10-августунда Өзбекстандын Жогорку соту бул чечимди күчүндө калтырган. Ошол эле жылы Саидовдун 34 жаштагы аялы Барно Жуманова менен беш жашар кызы Рухшона автокырсыктан каза тапкан. 2014-жылы карыган энеси да кайтыш болгон.
Эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттин үстүнөн сот жараяны көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдиришип, анын тез арада бошотулушун талап кылышкан.
2013-жылы абакта кыйноого кабылып, жазган ырлары менен аңгемелерин тартып алып жаткандыктары тууралуу журналисттин каты жарыяланган. Андан тышкары камакта Саидовдун саламаттыгы кескин начарлап кеткендиги кабарланган.
Булагы: CENTRAL ASIAN
Пикир
Оставить комментарий