Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. 2019-жылы Өзбекстан ун жана нан сатып алууга кеткен чыгымдарды компенсациялоо үчүн аз камсыз үй-бүлөлөргө 604 миллиард сум же 63,5 миң доллар бөлдү.
Өзбекстандын Пенсия фонду билдиргендей, өкмөт нандын баасын көзөмөлдөөдөн баш тарткандан кийин кирешеси төмөн үй-бүлөлөргө бериле турган төлөмдөр 1-октярдан тарта 2,3 доллардан 5 долларга чейин көбөйтүлгөн.
Мындан тышкары жөлөк пул алуучулардын категориясы 9дан 11ге чейин көбөйгөн. Учурда эки миллион киши компенсация алууда.
Өзбекстанда бөлкө нандын баасы акыркы бир айда эки эсе кымбаттаган.