Өзбекстанда коронавирус жуктургандар боюнча апрелден берки эң төмөнкү көрсөткүч катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. 13-декабрда Өзбекстанда 136 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул сутка ичинде COVID-19 жуктургандардын саны боюнча быйыл апрель айынан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 196 094кө жетти. Алардын ичинен 192 841 бейтап толугу менен айыкса, 1442 киши каза болду.