Өзбекстанда коронавирус жуктурган дагы 13 бейтап айыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда дагы 13 коронавирус жуктурган адам толугу менен айыкты жана 2-апрелде ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Алардын 12си Вирусология илимий-изилдөө институтунун клиникасында, ал эми бирөө Хорезм облусундагы адистештирилген жугуштуу оорулар мекемесинде дарыланган.

Саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов жана башка расмий адамдар аларды Республикалык терапия жана медициналык реабилитация адистештирилген илимий-практикалык медициналык борборуна узатышты.

Коронавирус илдетинен айыккан бир адам 13-мартта Стамбул-Ташкент каттамы менен, дагы бирөө 18-мартта Москва-Ташкент каттамы менен Өзбекстанга келген. Ал эми калган он бири коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгондор.

Бүгүнкү күнгө карата Өзбекстанда коронавирустук инфекциядан толук айыккандардын саны 25 кишини түздү.