Өзбекстанда футболдук беттеш массалык башаламандык менен жыйынтыкталды – видео

ММК БА ТУУРАЛУУ


Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Өзбекстанда футбол боюнча Про-лиганын жыйынтыктоочу беттешинде "Нефтчи" жана "Туран" командалары оюн өткөргөн. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, эки команданын жеңүүчүсү Жогорку лигага өтмөк. Буга чейин алдыңкы орунда келе жаткан "Нефтчи" командасы 1:0 эсебинде атаандашына утулуп калган. Оюндун соңунда "Нефтчинин" футболчулары калысты ур-соккуга алган.

Видеодо байкалгандай калысты футболчу буту менен тепкен. Ошондой эле оюн талаасына футбол күйөрмандары да чыгып, башаламандык уюштурушкан.

"Нефтчи" командасынын оюнчуларынын нааразычылыгы эмнеден келип чыккандыгы азырынча белгисиз.