Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 2018-жылдын 7-апрелинде кыргыз-өзбек чек арасында каза тапкан М.Ф.М., аттуу жарандын үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды,-деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы
Эске сала кетсек бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Кербен бекетинин тилкесинде белгисиз себептерден өзбек чек арачылары КР жаранына ок чыгарышкан.
Өкмөт башчы өзбек тарап менен биргеликте киши өлүмүнө алып келген окуяны дыкат текшерүү тапшырмасын берди.